Кара-Кулжа районунун Мырзаке, Алайкуу Чаар-Арча аймагында сел жүрүп, жол каттамы жабылды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 18-май күнү катуу жааган жаандан улам Мырзаке, Кара-Кулжа, Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"18-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Шимек, Чаар-Арча, Үңкүр, Тамчы аймактарындагы унаа жолуна селдин агындылары түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Азыркы учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurzhaz
2016-05-19 13:59:40
жамгыр армансыз жаадыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан