Депутат: "2015-жылы 31 бала өз өмүрүн кыйса, быйыл 3 айдын ичинде 31 бала өзүн өзү өлтүрдү"

2015-жылдын ичинде жалпысынан 31 бала өз өмүрүн кыйса, быйыл 3 айдын ичинде 31 бала өзүн өзү өлтүрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

"Балдар - биздин келечегибиз. Алардын өмүрүн коргошубуз керек. Мектептерде мугалимдер, психологдор балдар менен сүйлөшүп туруусу зарыл. Өкмөт буга канча каражат бөлөт, канча каражат керек? Балдар маселесине көңүл буруу керек", - деди Султанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан