Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган шаардын Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсүндөгү №42-үйдөгү батирлердин биринин эшиги ачылбай калып, куткаруучулар барышкан. Батирдин эшигин ачып кирген куткаруучулар бөлмөнүн ичинен 1949-жылы туулган Светлана Х. аттуу үй ээсинин жансыз денесин табышкан.