Москвада "курулушта иштеген кыргыз жарандарына төлөнө турган ири суммадагы акчаны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында У.Ж. аттуу жаран жеке ишканалардын биринин өкүлүнүн ишенимине кирип, курулуш иштерине тартылган 45 кыргыз жарандарынан турган 3 топтун айлык акысына төлөнүүчү 673 500 рубль акчаны алып, изин жашырып кеткен.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1975-жылы туулган У.Ж. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, аталган жаран камакка алынды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.