Түркияда "Кытайдын 98 жаранына жасалма кыргыз паспортторун берген" деген шек менен кармалган 4 кыргыз жараны тууралуу маалымат такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн жергиликтүү басылмалар "98 жаранга жасалма паспорт берген" деген шек менен 4 кыргыз жараны кармалгандыгы тууралуу жазып чыгышты.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги кечээ, 18-майда Түркия тараптан алынган жасалма паспорттордун сериялык номурларынын көчүрмөлөрүн жиберүүнү өтүнүшкөн. Бүгүн аталган кызматтан Түркиядан эч кандай жооп келе электигин билдиришти.