ОНЛАЙН: Бишкекте "Мегатой" кинокомедиясынын бет ачары болуп өттү (фото)

15:50. "Мегатой" кинокомедиясынын бет ачары болуп өттү. Турмуштагы окуялар, кыргыздардын үйлөнүү тоюндагы кызыктар, салттар тамаша аркылуу көрүүчүлөргө жеткирилет. Тасмада үйлөнүп жаткан эки жигиттин бирөөсү достору менен адашып, той болуп жаткан башка үйгө барып калышат. Кызыктын баары дасторкондогу тамак-аштар желип, көрүндүккө делген акчанын баары түгөнгөндө башталат. Тойго чыныгы күйөө бала достору менен келгенде үлпөт көйнөкчөн кыз кайсы жигитти тандаарын билбей туруп калат...

"Мегатой" кинокомедиясы бүгүндөн баштап өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлөт.

14:55. Тасма үйлөнүү той тууралуу. “Жашың 30дан ашты, үйлөн” деп Бакыт аттуу башкы каармандын тааныбаган эле кызга үйлөнүүгө макулдугун алышат. Ошентип, той башталат. Учурда тасмада үйлөнүү тоюндагы кызыктуу салттар көрсөтүлүп жатат.

14:20. Алып баруучулар тасмада роль жараткандардын баарын чакырганда тартуучу топтогулар сахнага ырдап чыгышты. Сахнада режиссёр Сүйүн Откеевге каалоо-тилектер айтылып, бата берилген соң тасманы көрсөтүү башталды.

14:15. Бүгүн, 19-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Мегатой" кинокомедиясынын бет ачары өтүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөрү келишкен. Алып баруучулар Азамат Исмаилов менен Максат Надырбеков сахнага тасманын режиссёру Сүйүн Откеевди чакырышты. Режиссёр кинокомедия болгон окуянын негизинде тартылып, тартуучу топтогулардын баарына ыраазычылык сөзүн айтты.

"Мегатой" тасмасынын бет ачары өтүп жатат
Тойдо адашкан түгөйлөрдүн үйлөнүүсү “Мегатой” кинокомедиясында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Magdali
2016-05-19 15:18:27
Админ бул тасманын трейлери барбы
0
admin_portal
2016-05-19 15:28:26
Magdali, саламатсызбы!
Бар: http://www.super.kg/media/uservideo/167531/
0
Magdali
2016-05-19 15:18:39
Жуктоп коёсуздарбы
0
avrilLavigne
2016-05-19 15:50:28
билет баасы канча?
0
aikokul14
2016-05-19 15:58:49
Ушуга окшогон комедиялар жанга тийди,качан бир олуттуу,мазмундуу кино тартасынар?
0
Aksoola
2016-05-19 17:01:46
aikokul14, адамдын өз эрки да... Каалабасаң көрбөй эле гой, ким зордоп жатат? Аудиториясы бар үчүн тартып жатат. Мындай кинолор тартыла берет дагы да... бирок алардын ичинен иргелчү учур да келерине аз калды
-2
aikokul14
2016-05-19 17:11:50
Aksoola,ансыз деле корбойм коркпо...
+3
Alisher
2016-05-19 17:28:13
aikokul14,Suyun Otkeev din tartkan tasmalari maanili,komediya bolgon ele tasma jenil bolup eseptelbeyt, komediyanin arkasinda chon maanini tushundursh en chon iygilik...2015 jili tartan "Kopolok","Soolugan karek" degen kinolorun korsonuz...
+2
Paul
2016-05-20 05:32:29
Комедия комедия, кечке комедия тартышат биздикилер. ХХХ комедия
0
admin_portal
2016-05-20 09:22:20
Paul, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан