Бишкекте Кыйноолорго каршы борбордун кызматкери диний экстремизмге шектелип кармалды

Кыйноолорго каршы борбордун кызматкери диний экстремизмге шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаар аймагында экстремизмге каршы бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын алкагында 18-май күнү “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун дагы бир мүчөсү аныкталган. Ал 48 жаштагы М.М. аттуу Кыйноолорго каршы борбордун кызматкери экени белгилүү болгон.

Бул факт боюнча М.М. аттуу жаранга "уюмга жаштарды азгыруу аракеттерин жасап жүргөн” деген айып тагылып, ал 12-кичи районунан кармалган. Анын үйүн тинтүү маалында "Хизбут-Тахрир" уюмуна тиешелүү 175 даана диний-экстремисттик буюмдар табылган. Алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлүп, учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан