1-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча эркектер арасында өлкөнүн 5-чемпиондугунун 2-айлампасы башталып, анда 6 команда күч сынашты. Мелдештин соңунда командалар төмөндөгүдөй упайларга ээ болушту.
“ИИМ+К” - "Динамо" 3:0,
"Салам-Алик" - “Ош Бажы-Кара-Суу” 3:0,
“Жаңы муун” – “Улар” 3:1.
Ал эми чемпиондуктун жалпы эсебинде “Жаңы муун” командасы 12 упай топтоп, алдыда келе жатат. Бүгүн,
2-апрелде "Улар" - "ИИМ+К", "Динамо" - "Ош Бажы-Кара-Суу" жана "Жаңы-муун" - "Салам-Алик" командалары беттешет.