Алай. Гүлчө айыл аймагындагы Жылуу-Суу айылында турак жайга таш кулап, дубалын бузуп кетти

Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Жылуу-Суу айылында турак жайга таш кулап, үйдүн дубалын бузуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-май күнү саат 21:30 чамасында Жылуу-Суу айылынын тургуну Арапбай Акыевдин үйүнө тоодон таш кулаган. Тоо боорунан кулаган чоң көлөмдөгү таш үйдүн дубалын тешип кеткен. Натыйжада турак үй жараксыз абалга келген. Жабыркагандар болгон эмес. Учурда аталган үйдүн тургундары убактылуу жашап туруу үчүн кошунасынын бош турган үйүнө убактылуу көчүрүлгөн. Мындан сырткары Жылуу-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, айылдагы көпүрөнү да алып кеткен.

Белгилүү болгондой, 2004-жылы ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан корутунду чыгып, аталган аймак кооптуу жайлардын катарына кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shura89
2016-05-19 19:34:21
Үйдүн сынчы көрүнбөйтко
0
murat_12
2016-05-19 22:02:18
алайда сынч колдонбойт
0
ashir
2016-05-20 00:22:09
сынч эмнеси
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан