Бишкекте жазуучу, акын, драматург Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгына карата "Махабатым - элим, жерим, ата-тегим" деген аталыштагы иш-чара болуп өттү. Жолугушууга анын жубайы Мариям Бейшеналиева, студенттер, котормочулар жана башкалар келишти.
Мэриядан кабарлашкандай, иш-чаранын максаты - китепканага каттаган элдин санын арттыруу. Чакырылгандар китеп көргөзмөгө, анын чыгармаларынын музыканын коштоосунда көркөм окулушуна күбө болушту.