Борбордо "жаңы конуштардын биринен 2 кичи автобустун айнектерин аткылап кетишкен" деген шек менен 3 жаран кармалды

Борбордо "жаңы конуштардын биринен 2 кичи автобустун айнектерин аткылап кетишкен" деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы С.У. жана 45 жаштагы Т.К. аттуу жарандар кайрылышкан. Алар 18-май күнү саат 05:40 чамасында Рухий-Мурас жаңы конушунан белгисиз адамдар 2 Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобустардын айнектерин белгисиз ок атуучу курал менен аткылап кетишкенин билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Т., А.Э. жана Т.К. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан