Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелип Ош облусунун тургуну кармалды

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелип Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы Д.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал 18-май күнү түнкү саат 01:00 менен 02:00 убакыт аралыгында үйүнүн жанында токтоп турган унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ош облусунун 26 жаштагы У.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aydarov...
2016-05-20 01:29:34
Ош облусу деп болуп жаткан жоксунарбы? Аты жону жашын жазса туураго. Бул менин оюм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан