Казакстанда "жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга ыргытып жиберген" деген шек менен 18 жаштагы Караганды облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Караганды облусунун Кенгир айылынын тургуну жолдон өтүп баратканда кыңылдаган үн уккан, кийин таштанды таштоочу жайды карап, анын ичинен наристени таап алган. Ымыркайды таап алган аял үстүндөгү кийимин чечип баланы ороп, аймактык полиция кызматынын бөлүмүнө барган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында атайын даярдалган иттердин жардамы менен баланын 18 жаштагы энеси табылган. Ал жаңы төрөлгөн баласын таштандыга ыргытып, баласынын үнү угулбасын деген ниет менен анын оозуна кагаз тыгып койгону аныкталган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.