Кыргызстанда өткөн суткада 5 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Айта кетсек, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 жана Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, мындан адам өмүрүнө зыян алып келген факты катталган эмес. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери толук такталууда.