Өткөн жылы Кыргызстанда ири масштабда 50дөй спорттук иш-чара өттү. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча ресбупликалык борборунун башкы директору Алмаз Касенов бүгүн, 2-апрелде журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. “2012-жылдын 1-февралында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борбору ачылган. Ошол убакта бул борборго 22 миллион 400 миң сом бөлүнгөн, каражаттын 4 миллиону спорт тармагындагы кызматкерлердин айлыгына, ал эми калганы спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жумшалды. Бул убакыттын ичинде 50гө жакын ири көлөмдөгү ар кандай спорттук мелдештер өттү”,- деди ал.