КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев 1955-жылы 20-майда Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара деген айылда төрөлгөн.
Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырган. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келет да, кайрадан окуусун уланткан.
1976-жылдан тартып ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артисттикке кабыл алынган.
Театрда иштеп жатып эле жогорку билимди сырттан алуу үчүн Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Театр жана сүрөт институтуна тапшырган. Бирок 1990-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна которулуп, 1993-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.
Эгемберди Бекболиев "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Президент жана бомж" сыяктуу тасмаларда роль жараткан.