Атактуу америкалык поп-ырчы, көптөгөн ырлардын автору, актриса, продюсер Шер 1946-жылы 20-майда Калифорнияда туулган. Кино, музыка жана телевидение жаатындагы эмгектери үчүн "Оскар", "Грэмми", "Эмми" жана үч "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.
Эмгек жолун 17 жашында баштаган. Алгачкы ийгилигин 1965-жылы "Сонни менен Шер" дуэтинин курамында "I Got You Babe" ыры менен жараткан. Кийин жеке ырчы катары чыга баштаган. Ошону менен бирге "The Sonny and Cher Comedy Hour" аттуу шоунун алып баруучусу болуп "Алтын глобус" сыйлыгын алган. 1984-жылы "Силквуд" тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы аялдын эң мыкты ролу" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгын алган.