Өткөн суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталып, Талас облусунда унаа толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Талас облусуна караштуу Манас районундагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анда Кеңеш айылындагы Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан