Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен судья Бактыгүл Аманалиева Норвегияда "Качкындардын укуктары маселеси жана сот тутумунун ролу" деген темадагы семинарга катышууда. Алар "Качкындардын европалык укугу – кризис учурунда коргоого алуу" деген конференцияга дагы катышарын Жогорку Соттун маалымат кызматынан бүгүн, 20-майда кабарлашты.
Конференция качкындардын укуктарына байланыштуу заманбап маселелерди эл аралык жана улуттук деңгээлде кароо максатында өткөрүлүп жатат. Анда негизги көңүл качкындардын европалык укугу жана аларды кризис учурунда коргоого алуу маселесине бурулууда. Иш-чаралар бүгүн жыйынтыкталат.