Чек арадан өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган жаран унаанын багажнигине жашынып бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда "Чоң-Капка унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен чек ара режимин бузган жаран кармалган. Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаанын багажнигинде жашынып жаткан жаран кармалган. Анын документтерин текшерүү маалында ага өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганы аныкталган. Кармалган жарандын айтымында, ал унаанын айдоочусуна акча берип, чек арадан өткөрүп берүүнү суранган. Ошондой эле аталган жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну экендиги жана ал Казакстан аркылуу Орусияга кетүүнү көздөгөнү аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.