Бишкекте кыргыздын улуттук каада-салтын чагылдырган “Кыргыз-Ордо” аттуу тарыхый этно-борбор курулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун жакынкы пландары тууралуу өткөн жыйында айтылды. Борборго керектүү жер бөлүнүп берилсе, көк бөрү оюн талаасы, тайгандардын жарышы, күрөш, ордо залдары курулат. “Бул долбоорду президент да жактырды. Эгерде оюбуз ишке ашып калса, ал жерде улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди жана окуу-машыгуу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Учурда жер бөлүп берүүнү гана күтүп жатабыз”,- деди аталган борбордун директору Алмаз Касенов.