Казакстандын Астана шаарында өтө турган Көк бөрү боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандын курама командасынын катышуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары апрель айында Бишкекте актёр, каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары өтөт. Мындай билдирүүлөр 2-апрелде Кыргызстанда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун 1 жылдык отчётун угуу жана пландарын талкуулаган жыйында айтылды.