Борбор калаада капчык уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 18-апрель күнү саат 13:00 чамасында борбордогу кичи базарлардын биринен белгисиз жаран анын 1,5 миң сом акчасы, паспорту салынган капчыгын уурдап кеткенин айткан.
Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 34 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.