"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлгөн, кызуу талкууга алынган клип - ырчы Анжеликанын "Бийле" ырынын клиби. Клипте көрүүчүнү бийге чакырган позитивдүү сюжет чагылдырылган. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Эмне жөнүндө ырдап жатсам, ошол нерсени клипте көрсөткүм келет. Бул клиптин идеясы да өзүмө таандык. Клипмейкер Эрнист Сыдыков менен кеңешип, ал өзүнүн, мен өзүмдүн идеямды кошуп, "Бийле" ырынын клибин тарттык. 3 мүнөттүк клип бат эле бүтүп калганы менен, тартуу процесси бир топ татаал болгон. Анда балдар ооруканасынын дарыгерлери, бүтүрүү кечеси болуп жаткан индустар, салондогу кызматкерлер, МАИ кызматкерлеринин бийлеп жаткан учурлары тартылган. Андыктан ушунча адамды көзөмөлдөп туруу, клипке тартуу көп мээнетти талап кылган.
Ырдын сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону Мирбек Атабековго таандык. Кээ бири "бул ыр, клип плагиат, даяр эле ырды алып ырдап коюшкан" деп айтып жатышты. Аман Бердибаев деген таланттуу ырчы жигит кошулуп ырдап, ырга көрк кошкон. Кыскасы, маанайды көтөргөн, бийге чакырган позитивдүү клип болсун дедик. Атайын бий үйрөнүүгө убактым болгон жок. Клип тартуу учурунда андай кылалы, минтип бийлейли деп, бийчи кыздар менен кыймыл-аракеттерди кошуп бийлеп жаттык. Дарактардын арасында бийлеп жаткан кадрды алыш үчүн кургаган чырпыктарды тазалап, өрттөгөнбүз. Анан клип тартылып бүткүчө баарыбыз ыш болуп калганбыз".
Анжеликанын "Бийле" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.