Бишкекте унаа уурдап сатып алектенген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 6-февралында борбор калаанын Чүй-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен Субару Легаси үлгүсүндөгү жеңил автоунаа уурдалган. Иликтөө иштеринин негизинде 16-майда Балыкчы шаарынын 25 жаштагы жана 18 жаштагы тургундары кармалышкан. Алар уурдалган унааны Фольксваген Гольф-2 үлгүсүндөгү унаага алмаштырып жиберишкени аныкталган. Мындан тышкары 17-май күнү буга чейин соттолгон дагы бир Балыкчы шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.