Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин сот иши: Соттук отурумга чакырылган күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу соттук кароо 27-майга жылдырылды

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук отурумга күбө катары чакырылган жарандар келбей калгандыгына байланыштуу ишти карап жаткан судья соттук кароону 27-майга жылдыруу чечимин кабыл алды. Судья эмки соттук кароого чакырылган бардык күбөлөрдүн келишин талап кылды.

Буга чейинки соттук отурумда маркумдун бир тууган иниси суракка алынып, айыпталуучу
А.Субанова өз көрсөтмөсүндө күйөөсүн өлтүрбөгөнүн, бирок анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы бөлүгүнө таштаганын билдирген.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tabyshmak
2016-05-20 15:08:22
Соттук отурумга келуучулордун камсыз кылынбагандыгы - биздин буга тийиштуу органдарыбыздын ото эле алсыз экендигин айгинелейт.
0
Liliia
2016-05-20 16:57:47
Күйөөсүн өлтүргөндөр башка окшойт, себеби күбөлөрдү тазалай баштаптыр. Келинди жөн эле мажбурлап денелерди ыргыттырган окшойт менимче
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан