7 жашар Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылган аял райондук соттун өкүмүнө макул болбой шаардык сотко кайрылды

1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылган Майрам Акунованын Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө макул болбой шаардык сотко кайрылган даттануусунун негизинде иш кайра каралмак. Бирок анын жактоочусу соттук отурумда болбогонуна байланыштуу соттук кароо 23-майга жылдырылды.

Маалым болгондой, 7 жаштагы баланы өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган А.Акунова өз күнөөсүн моюнуна албай, Биринчи Май райондук соту аны 25 жылга эркинен ажыратуу боюнча чыгарган өкүмүн кайра кароону өтүнүп экинчи инстанциядагы сотко кайрылган. Соттук кароо Бишкек шаардык сотунун судьялары Н.К.Эсеналиев, А.Ж.Момуналиев жана Н.А.Ильязованын кароосунда каралмакчы.

Эскерте кетсек, 1-апрель күнү Биринчи Май райондук соту Майрам Акунованы күнөөлүү деп таап, аны 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arslan12
2016-05-20 18:22:08
25жыл дагы аз сага, кайсыл абийирин менен, уялбайсынбы кырчындай жаш баланы омурун кыйып!
+10
svan
2016-05-20 18:25:44
Эмнеге кайра каралыш керек,куноолусунбу,тем более олтурдун кичинекей сага окшогон айбанга алы жетпеген баланы, омур бою ажыратыш керек болчу. Кайра жаловаться этсе эркелетип ишин карайбыз дебей. Адилеттуулук каякта ???
+10
aisu12345
2016-05-20 18:48:18
50 жыл да аз болчу сага ХХХ
+9
admin_portal
2016-05-23 15:04:49
aisu12345, этика нормаларын сактаңыз!
0
gul3ina
2016-05-20 19:12:52
Бет деген жок го бул аялда
+6
chyrok
2016-05-20 19:23:32
Ушунчалык акмак болбу?кичинекей наристени олтуруп коюп,мен куноолу эмесмин деп.адилетуу сотко кабылып 25жылдын устуно дагы кошуп берсе болот эле
+6
roma84
2016-05-20 20:29:02
Соттордун атын атабай эле коё турушпаптырда эми аларды же сатып алат, же коркутат, шантаж кылып моонотун азайтканга аракет кылышат. Же бироо жарымын мерт кылат. Бизде деген демократия деп коюп.
0
Mercedes202
2016-05-20 21:16:02
Шаардык сот 30 деп дагы 5 жыл кошуп койсо экен же пожизненно эле кетирсе
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан