Күйөөсүн жиликтеген келиндин соту: Айыпталуучунун адвокаты күбөлөрдүн бири Киргшёлкто өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтты

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган келиндин иши боюнча соттук отурум өттү. Анда айыпталуучунун жактоочусу бул иш боюнча күбө катары суракка чакырыла тургандардын бири өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын бири Алина Глуховерова бул иш боюнча күбө катары суралмак. "Аны эми күбөлөрдүн катарынан алып салса болот", - деп кошумчалады жактоочу.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Shpionka
2016-05-20 16:51:20
Ошондо кубону да жайлар салган болушабы тушунгонум.
+2
Liliia
2016-05-20 16:54:05
ушул келинди калп эле жаман көрсөтүп атышат да, менимче келиндин тиешеси жок күйөөсүнүн өлүмүнө. Бирөөлөр эле өлтүрүп анан келинди мажбурлап ыргытырган го дейм.А күйөөсүн өлтүргөндөр уже күбөөлөрдү тазалай баштаганго.
+8
magnat1013
2016-05-20 16:56:11
Liliia, ошондой болушу мумкун, себеби жаш келиндин колунан мынчалык мыкаачылык келбесе керек, ортодо сыр бар
+9
Jonathan88
2016-05-20 17:05:20
Даа туура айтасынар,күйөөсү бай экен,анан күйөөсүнүн душмандары ишти кылып,анан мажбурлап коркутуп-уркутуп жубайынын мойнуга алдырганго,болбосо сени да ушунтип,мучолоп салабыз деп,анан байкуш келин балдары үчүн,аргасыз макул болгонго,же болбосо 2-чи вариант,тиги өлгөн кишинин душмандары аялын азгырып чоң суммадагы акчаны сунуштап,анан изин жабууга сөз беришип,кылмышты аялына кылдырып,өздөрү ортодон кайым болушкан.
+7
Lenin
2016-05-20 17:24:28
Укмуш сериал, кино тартса болот экен го.
-6
Bazana
2016-05-20 17:27:19
Чындыкты бир кудай билет бир оздору билет эн мыкаачы жаныбар адам.
+6
zamandash
2016-05-20 18:08:28
Шерлок холмстор
0
altyshka_23
2016-05-20 18:56:51
Чын эле сыр барго бул жерде
+3
Mercedes202
2016-05-20 21:32:12
Мен башында эле билгем бул жерде бир сыр бар
+3
roma84
2016-05-21 02:12:31
Оз куноосун жабуу учун бул дуйнодо канча адамды олтурсо да, ал дуйнодо эч ким эч нерсесин жашыра албайт го...
Чындык эч убакта далилденбейт биздин олкодо. Чиновниктерибиз жеп тоймоюнча чындык байлар тарапта боло берет.
+2
incognito1
2016-05-21 02:21:44
Алина Глуховерова олуму бул жерге эчкандай тийешеси жок. Мен кармаган куну ошол жерде болгом. Чын эле ушулар олтурдубу, же ишти жабыш керек деп, буларга илип жатасынарбы деген суроо берсем,"Эгер бироого илгибиз келсе,ошол кочодо жашаган бир баладан шекшип, уйун тинтип чыкканбыз, ошол куну эле аны алып барып, сабап мойнуна алдырып койбойт белек " деди. Ошол бала достору менен кармалды. Алар уурулук жасоого киришкен, бироосун таанып койгон учун олтурушкон.
0
meka.x
2016-05-21 18:45:59
Мм секретер коп дегилечи
0
MinuTolik
2016-05-22 09:36:02
1jyl bolgonu kaldy kantip ele tappai kalywsyn? Eger kaalawsa kachaan ele taap dalildemek.. Toobo tuwunboisun soz jok bizdikilerge
0
Fatima1991
2016-05-27 19:24:44
Оа ОЗУ эле олтургон болбобосо кантип ак никелуу эринди бироолор олтурсо жашырасын.ХХХ ХХХ Терготчу каттуу иштеш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан