SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Евровидение". Катышуучулар тууралуу кызыктуу фактылар" аттуу видео жүктөлдү (ник: Englishman).
"Евровидение" Эл аралык сынагы жыл сайын кызыктуу, күтүлбөгөн окуялар менен коштолот. Кезектеги видеодо орусиялык ырчылардын бул сынакка катышкандыгы тууралуу баяндалат. Орусия “Евровидение” сынагына 20 жолу катышкан. Бул жылы өлкөнүн намысын Сергей Лазарев коргоп, "You are the only one" чыгармасы менен 3-орунду алган.
Алгачкы дебют 1994-жылы болуп, анда Орусия өлкөсүнүн атынан Маша Кац аттуу ырчы Юдифь лакап аты менен чыгып, 9-орунду алган. Белгилүү ырчы Дима Билан 2008-жылы “Believe” ыры менен өлкөгө
1-орунду алып келген. 2009-жылы "Евровидение" сынагы Москва шаарында болуп өткөн.
Орусиялык дагы башка катышуучулар тууралуу кененирээк маалыматты видеодон алсаңыз болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.