Чүй. Москва районунда "жаранды ур-токмокко алган" деген шек менен Ак-Суу айылынын эки тургуну кармалды

Москва районунда "жаранды ур-токмокко алган" деген шек менен Ак-Суу айылынын эки тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Беловодск айылынын 29 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 19-май күнү саат 11:30 чамасында белгисиз жарандар анын үйүнө кирип, ур-токмокко алышканын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ак-Суу айылынын 27 жаштагы А.Ж. жана 30 жаштагы А.Т. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан