Бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын экс-башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту өттү. Анда күбө катары чакырылган депутат Өмүрбек Текебаев көрсөтмө берди.
Депутат соттолуп жаткан Д.Нарымбаев жана Х.Коркмазов менен жакшы мамиледе экенин айтты. Андан соң Текебаев ага Д.Нарымбаевдин жубайы кайрылып, "Нарымбаевдин кабинетине 50 миң доллар алып келген" делген Ольга Плотникованын (Нариман Түлеевдин мурдагы жардамчысы - ред.) 2015-жылдын 7-май күнү Ак үйдүн имаратына киргени же кирбегени тууралуу маалыматты серверден алып берүүнү суранганын билдирди.
"Мен депутат катары Жогорку Кеңештин тиешелүү бөлүмүнө кайрылгам. Адистер суралып жаткан маалымат өчүрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтышты. Бирок мен буга ишенбей, эртеси кат жүзүндө кайрылып, ошол маалыматты алгам", - деди депутат.
Андан соң Текебаев прокурорлорду Плотникованын Ак үйгө киргенин же кирбегенин аныкташпаганы үчүн айыптады. "Мен прокурорлордун шалаакылыгын жана кызматтык абалынан пайдалануусун иликтөөчү депутаттык комиссияны түзүү маселесин парламентте көтөрөм. Плотникова Ак үйгө кирбептир, демек, чындык ачыкка чыкты. Силер парламент алдында жооп бересиңер. Силерди суракка алышат. Нарымбаев менен Коркмазовго карата кылмыш иши бурмаланган", - деп кайрылды прокурорлорго Текебаев.
Айта кетсек, 2015-жылдын 27-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен экс-чиновник Данияр Нарымбаев 3 жылга, мурунку депутат Хажимурат Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.