СУПЕРСТАН: "Курбум бирөөгө жини келсе, колундагысы менен чабат, буюмдарды терезеден ыргытып, идиш-аяктарды сындырып кирет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жашоодо жинденип, ачууга алдырган күнүңөр же "нервныйлардын" окуялары" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жакында эле бир нервди кашайта турган окуяга туш болдум. Адам болгондон кийин жини да болот эмеспи. Азыр карап көрсөң баары эле "нервный". Арасында кыпкызыл жиндилери, психтери жана башкалары кездешет. Заманыбыз ушундай болсо керек деп ойлоп каласың".

"Дос балам бар, кыскача айтканда, псих. Жини бат келип турат, тамашаны көтөрө албаган, урушчаак бала. Кечээ машинасында баратканбыз, анан жолдон МАИ кызматкери токтотуп калды. Түшүп кеткен, бир маалда эле ызы-чуу болуп кетти. Чуркап барсак, токтоткон МАИ кызматкерин жаткыра чаап, экинчиси менен мушташып жатыптыр. Биз барып эле тиги жиндини бүктөп машинага тыгып, анан качтык. Кыскасы, аябай ызы-чуу болуп жатат. Мени жакындарым бүгүн эле чыгарып келишти. Бир досум тиги псих менен соттолгону жатат эми".

"Менин дос кызым да ушундай, бирөөгө жини келсе, колунда эмне турса, ошону менен чабат. Буюмдарды терезеден ыргытып, идиш-аяктарды сындырып кирет".

"Эсимде, МАИ кызматкери менен уруша кеткем. Бир жыл мурун болгон окуя. Чынында, ал өзү биринчи сөгүнө баштаган. Кармаша кеттик. Сөгүп жибергенде башым менен сүзүп салгам. Аябай ызы-чуу болдук. Таякем Чүй прокуратурасынын башчысы да, ошону ортого салып жатып араң бүтүргөнбүз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Tansuluu09
2016-05-22 12:59:38
Атамдын акеси бар вообще нервный МАИлер токтотсо бакырып, урушуп же мушташып журуп озунукун туура кылат. Анан алар бул кып кызыл экен деп коё беришет.
+3
zaman2
2016-05-22 13:37:04
Atan jamango anday bolso
-2
Gulya21
2016-05-22 15:32:35
Мени жиним келсе бир нерселерди уруп тепкилеп калам аябай ачуум келгенде болбосо жон эле жиним келгенде каяша суйлоп алам тез эле таркап кетет
0
murat_12
2016-05-22 16:04:32
мен жиним келсе эчтекеге зыян кылбайм унчукпай жиним таркашын кутом
+3
Rednalf
2016-05-22 17:13:52
Менин жиним жок жон эле ачуум бар.
+8
munduz2016
2016-05-22 17:25:16
Жиним келсе 100 чейин санайм.
+2
lucky_star
2016-05-22 22:28:22
munduz2016, жакшы экенсиз, а мен 10 го чейин эсептегиче жиним эки эсе чыгат)
+2
mirbek2211
2016-05-23 14:49:59
lucky_star,жардынго
0
lady.girl7997
2016-05-22 17:33:42
Жиним келиши кыйын, бирок жинденткен адамды бир нерсе менен болсода жаткыра чабам.
0
maku88
2016-05-22 18:19:39
кееде озунчо эле ичиме бук толуп калат эчким менен урушпасам да ошондойдо кыйкырып ыйлап бир аз болсода женилдей тушом
+1
Apsi
2016-05-22 20:01:06
Жиндилерди жиндиканага жаткырыш керек
+4
Bazana
2016-05-22 21:09:32
Менин куйоом ичсе жинди болуп алат кобунчо ар кимге тийишип эптеп бироо мн урушуш кк болот тажадым
+1
AMIRXAN.AYJAN
2016-05-23 12:46:04
Менин куйоом ичсе да ичпесе да жини жаман менден чыгарат уруп тебип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан