УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара алуу кылмышы боюнча ИИМдин кызматкери А.Акжолов жана аталган министрликтин пенсионери Н.Жаналиев кармалды. Алар Бишкек шаардык кеңешинин депутатынан 2500 доллар пара алгандыгы үчүн айыпталууда. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, пара алган адамдар депутаттын өмүрүнө кол салуудан алдын ала сактап калуу убадасы менен 10 000 доллар акча талап кылышкан. Ал депутаттын ким экендиги азырынча белгисиз. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшкөн 2 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.