Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы 8-декабрь күнү саат 12:10 чамасында борбордогу Осмонкул көчөсүндөгү батирлердин биринен 1948-жылы туулган М.Р. аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, аял муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Х.Р. аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан