Аламүдүн районунда уурулукка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 40 жаштагы Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын январь айында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 2 миң сомдук жылыткычын жана башка буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 19-май күнү кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Д.В. аттуу ошол эле айылдын тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.