Сокулук районунда "дүкөндөгү тамак-аш азыктарын уурдаган" деген шек менен 19 жаштагы жергиликтүү эки тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 11-февралында Гавриловка айылынан 62 жаштагы Ч.С. аттуу жаран "дүкөндөгү 8 миң сомдук тамак-аш азыктарын уурдап кетти" деген арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында уурулукка шектелген 19 жаштагы жергиликтүү эки тургун кармалган.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.