Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунан ок атуучу курал жана жардыруучу затты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун 1983-жылы туулган, бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган К.М. аттуу тургуну кармалды. Анын унаасын текшерүүдө травматикалык тапанча, жардыруучу зат табылган.
"Кармалган жаран буга чейин уурулук, күч менен тартып алуу, тоноо кылмыштары үчүн бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган. Мындан сырткары кылмыш чөйрөсүнүн активдүү мүчөсү экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.