Чүй облусунда жол чыракты сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 20-май күнү саат 08:30 чамасында Хово үлгүсүндөгү унаасы менен 37 жаштагы Р.Х. аттуу Токмок шаарынын тургуну жол чыракты сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү кармалган. Учурда жол коопсуздугу кыймылынын эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.