Борбордо "дүкөнгө тапанча менен кирип коркутуп, 1 литр сыра алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "дүкөнгө тапанча менен кирип коркутуп, 1 литр сыра алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү кечки саат 18:38 чамасында милицияга Жал кичи районундагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз жаран кирип, тапанча менен коркутуп, 1 литр сыра жана жарым литр суу алып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurchik05
2016-05-23 13:37:59
Туй атта бир литр пивону сатып эле ичпейби 50 сомдук пиво учу ХХХ болбой
+1
admin_portal
2016-05-23 14:14:43
nurchik05, оозеки эскертүү!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган!
0
tynkatar03
2016-05-23 13:52:24
Ата ата менин оюнчук тапанчамы которуп алып кайда жонодун.? Пивого балам!!!
+1
knk
2016-05-23 15:44:57
Тапанчасы оюнчук болсо деле ошону сатса 1л сыра келмек.
+1
Kroxa
2016-05-24 00:16:46
Кармалганы жакшы болуптур болбосо эмкисинде чооон кол салмак,,,,
0
sgushenka
2016-05-24 00:58:21
Ушунча ойлонуп план тузуп убара болуптур чечил да алып албаптырда каап))).
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан