Борбор калаада "бычак такап, тоноого аракеттенген" деген шек менен 19 жаштагы студент кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-май күнү саат 22:55 чамасында борбордогу дүкөндөрдүн бирине белгисиз жаран кирип, сатуучуга бычак такап, акча берүүнү талап кылган. Сатуучу ага каршылык көрсөтүп, жардамга чакырып кыйкырып баштаганда, ал качып кетүүгө үлгүргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары борбордогу окуу жайлардын биринин студенти, 19 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.