Муунтулуп өлтүрүлгөн 7 жашар баланын иши: "Баламды өлтүргөн Акунованын 3 жолу соттолгонун билсем, үйүмө да киргизбейт болчумун" дейт баланын энеси

Бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылган Майрам Акунованын Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө макул болбой шаардык сотко кайрылган даттануусунун негизинде иш кайра каралууда.

Соттук отурумда сөз айыпталуучуга жана жабырлануучу тарапка берилди. Жабырлануучу өз сөзүндө: "Мен кирген жумушумда 10 күн эле иштедим. Ал жумушум үйгө жакын болчу, балам 1-класста окугандыктан, ага тамак берип турайын деп ушул жумушка кирип калгам. Акунованын 3 жолу соттолгонун билсем, үйгө киргизбейт болчумун. Аны менен тааныш болгон эмесмин. Бир жолу мени ээрчип үйгө келген, мен чай берсем, чай ичкен жок, кукси (тез даярдалуучу тамак) берсем “ушундан аябай көңүлүм калган” деп калды. Экөөбүз сырдашчу деле эмеспиз. Анан сөз арасында ал 17 миң сом насыясы бар экенин айтты. Окуя болгон күнү саат 09:00 чамасында турдум. Жумушка кеттим. Түштө келсем, кызым ооруп калыптыр. Баламды канчада мектепке жибергенин сурасам, саат 10:30да кеткенин айтты. Анан 2-3 чыны чай ичип алып, кайра жумушка бардым. Жумушка келип отуруп, телефонумду карасам билдирүү келиптир. “Ханзаадаң менде, 150 миң сом даярда. Болбосо кызыңдан да айрыласың!” деген билдирүү экен. Жанымдагылар "ага анча маани бербе" деп жоошутуп коюшту. Акунова кылмышка шектелип кармалгыча жанымда мени сооротуп жүрдү”, - деди Даниэлдин апасы Астра Макелеева.

Ал ишти карап жаткан соттордон айыпталуучуну 25 жылга эркинен ажыраткан Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну өтүндү.

"6 айдан бери стресстен улам кыйналып кеттим. Мындан башка соттук отурум боло турган болсо, келе албайм”, - деп кошумчалады Макелеева.

Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан