Жети-Өгүз районунда классташтары менен тоого эс алууга чыккан 5-класстын окуучусу дарыяга түшүп кетип каза болду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда классташтары менен тоого эс алууга чыккан 5-класстын окуучусу дарыяга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-класстын окуучулары 21-май күнү мугалимдин коштоосунда эс алууга чыгышкан. Эс алуучулар топ ойноп жатышкан. Саат 15:30 чамасында окуучу төмөн кеткен топтун артынан барып, дарыяга тайып жыгылган. Жыйынтыгында сууга тумчугуп, эсине келбей каза болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Bahira
2016-05-23 17:10:12
Тооба а дейбиз бу дейбиз ажал экенда
0
Jazi89
2016-05-23 17:18:48
Мугалимди сыгып жатышкандыр ички органдар
+5
zaman2
2016-05-23 17:26:46
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет,короодогу малындын сак болоорун ким билет демекчи айла жок тагдыр(
-14
zhykyo
2016-05-23 19:42:21
zaman2,эмне деп салгансын макалын мааниси башкага колдонот
+6
ss90
2016-05-25 09:58:22
zaman2,
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет,
Карындагы баланын хан болоорун ким билет
0
Ulan_eshbaev87
2016-05-23 17:37:40
Ата Энесине сабыр!!! Баарыбыз Аллахка кайтуучубуз
+5
Jaka1978
2016-05-23 20:46:54
Боодо кырсык деген ушу да,бечара мугалим эмне болот эми,баарына сабырдуулук
+2
Aida.solpueva
2016-11-01 13:29:06
Jaka1978,мугалимге эч кандай иш козголгон жок комага туштум выкидыш болдум деп элди алдаган курсактагы баласы журот челкейип мугалими келесоо калпычы аял
0
Parish
2016-05-23 22:19:52
Эс алууга алып чыккан мугалимдер дариянын жээгине
окуучулады эч качан алып барбашы керек да. жакшына жайык
жерлер бар го.Дайыма оздоруно
ынгайлуу жерди издешет.
Ошонун кесепетинен башка жерлерде да кездешип жатат.
Ата-энесине конул айтам.
+2
AMIRXAN.AYJAN
2016-05-23 22:20:10
Оюндан от чыгат деген ушуда
0
Kroxa
2016-05-24 00:01:45
Ий жаман болуптур,,байкуш бала,,,
0
Lora80
2016-05-24 02:02:01
Сактанганды кудайым сактайт. Мугалим сак болуш керек болчу.
-1
Iolik
2016-05-24 02:09:13
Байкуш, куноону мугалимге коюшат эми
0
Aida.solpueva
2016-11-01 13:30:45
Iolik,мугалим байкуш эмес ал жинди оорукчан аял
0
Aida.solpueva
2016-11-01 13:34:43
Топ ага чейин 3жолу сууга тушкон экен балдар алып чыгып ойноп жатышкан 4 жолкусунда рахат топту алам деп ташка тайгаланып башы менен ташка сайылып калган мурду сынып эс учун жоготуп агып кеткен мугалим жардам.берген эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан