Бангладеште жер көчкү, катуу шамал жана суу ташкынынан 24 адам каза таап, 500 миң адам коопсуз жайларга көчүрүлдү

Бангладеште жер көчкү, шамал жана суу ташкынынан 24 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-май күнү Бангладеште ылдамдыгы саатына 88 чакырымга жеткен катуу шамал катталган. Катуу шамалдан улам бак-дарактар кулап, турак үйлөрдүн чатырлары учкан. Электр чубалгылары үзгүлтүккө учураган.

"Жер көчкү жана суу ташкындоонун натыйжасында Читтагонгдо 11 адам, Бхола жана Кокс-Базар округунда 3төн, ал эми Ноакхалиде 2 адам, Патуакхалиде 1 адам каза болгону айтылууда. Бийлик тарабынан 500 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AZIK01
2016-05-23 20:19:42
Мусулман бир туугандар аман болушсун.
+3
cholpon9393
2016-05-23 21:49:29
Кудайым озу сактасын кырсыктардан
+1
magnat1013
2016-05-23 21:50:31
тилсиз жоолордон кудайым озу сактасын, жер жузундо тынччылыктар болсун, озум жерим Кыргызстанда да ар дайым тынччыылык болсун
+2
ATLETICO
2016-05-24 01:40:25
Эхх... апаат, ансыз деле кедей олко болчу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан