"Дордойдун" жетекчилиги, оюнчулары Италияга жөнөп жаткан жаш футболчуларга ийгилик каалашты

26-майда бишкектик "Дордой" футболдук клубунун 8 футболчусу (2003-жылкы футболчулардан түзүлгөн курам) Италиянын Милан шаарына жөнөйт. Анда жаш футболчулар "Футбол достук үчүн" долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан форумга Кыргыз Республикасынын атынан катышмакчы. 32 мамлекеттин жаш футболчулары катыша турган форум алкагында алар башка өлкөдөн келген футболчулар менен достошконго, аларга каршы футбол ойноого мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле 28-майда Чемпиондор Лигасынын финалында ойной турган "Реал"-"Атлетико" беттешине жандуу күбө болушат.

Бүгүн, 23-майда Миланга сапар ала турган жаш футболчуларды салтанаттуу узатуу иш-чарасы орун алды. Салтанаттуу иш-чарага клубдун жетекчилиги, футбол ардагерлери, "Дордой" жана "Ала-Тоо" клубдарынын негизги курамынын оюнчулары, машыктыруучулар катышты.

Кол чабуулар алдында залга кирген жаш футболчулар чогулгандардын алдында өздөрүн тааныштырып, мамлекетибизди чет жерде уят кылбоого аракет кылышарын айтышты. "Дордой-2003түн" курамында Италияга Бектур Абдывалиев, Данила Пилипас, Ильичбек уулу Атай, Арслан, Мирлан Бекбердиновдор, Эрмек Кенжебаев, Сагынбек Жоробаев жана Иман Уланов сыяктуу футболчулар аттанышат.

Аларды куттуктап, клубдун башкы директору Борис Подкорытов сөз алды. Ал төмөнкүлөргө токтолду: "Өлкө намысын коргоо милдети силерге артылды. Татыктуу ойноп, кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреткиле. Бул сапар силерге ийгиликтүү болот деген ойдомун. Чемпиондор Лигасынын финалын көрүү - көпчүлүктүн кыялы. Андыктан силердин бул кыялыңар аткарылып жатканына кубанычтабыз! Ийгилик коштосун!"

Андан соң кыргыз футболунун ардагерлери, футболчулар жана машыктыруучулар сөз алып, аларга ийгилик каалашты.

Кошумчалай кетсек, форум алкагында "Тогуз баалуулук" кубогу үчүн кичи футбол боюнча оюн өткөрүшмөкчү. Мелдешке катышуучулар тууралуу сөз кылсак, жалпысынан 32 команда катышып, 16дан эки тайпага бөлүнүп ойношот: Австрия, Азербайжан, Алжир, Аргентина, Армения, Беларусь, Бельгия, Бразилия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Вьетнам, Германия, Испания, Италия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Кытай, Голландия, Польша, Орусия, Сербия, Сирия, Словакия, Словения, Түркия, Украина, Франция, Хорватия, Чехия, Швейцария жана Япония.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Beki092
2016-05-23 17:50:36
Ийгилик
+1
kgalik
2016-05-23 17:59:20
ийгилик
0
zamakure
2016-05-23 19:38:43
ИЙГИЛИК!!!
0
ATLETICO
2016-05-24 01:37:14
Атлеткого болеть эткиле ХХХ!)))
0
admin_portal
2016-05-24 09:24:59
ATLETICO, Сайтта жаргон сөздөрдү колдонууга, тыюу салынат! Эскертүү!
0
bekmaral
2016-05-24 06:17:02
мировой чемпионатка да 10 жылдан кийин Кыргызстан жолдомо алып ушундай тизмеде турушун каалап кетер элем
+1
Kybylai1990
2016-05-25 14:21:24
bekmaral cизге 100% кощулам Кыргызстан да дуйно биринчилигине, чемпиондугуна барат буюрса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан