ЖЫЛНААМА, 24-МАЙ: Мындан 6 жыл мурун уюшкан топ Биринчи Май райондук сотунун имаратынан конвойду өлтүрүп, качып чыгышкан

Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы “Зикирбаевдин бандасы” аталган кылмыштуу топ УККнын СИЗОсунан 1-Май райондук сотуна алынып келинген. Баш-аягы 30 чактыдай кылмыш ишине күнөөлөнгөн бул топто сегиз адам болгон (Жумабек Зикирбаев, Улан Кожоев, Чыңгыз Мамытов, Сулайманов, Молутбеков, Келдибеков, Жумабаев, Шералиев).
Саат 14:00дө сот процесси башталып, ал аяктаганда кылмышкерлерди темир торлуу бөлмөгө алып барышкан. Бул бөлмөдөн уруксатсыз сыртка чыгуу мүмкүн эмес болгон. Кылмышкерлерди карап турган 15 чактыдай күзөтчү өз кызматында болгон. Болжол менен саат 17:00дө лейтенант Таалай Атамбаев сегиз кылмышкердин арасынан үчөөнү, тактап айтканда, Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоевди күзөтчүлөр эс ала турган чакан кабинетке алып кирип кеткен. Ал күзөтчүлөрдүн башчысы болгондуктан, ага эч ким каршылык көрсөткөн эмес. Атамбаев артынан эч ким кирбешин айтып, эшикти жаап алган. Арадан көз ирмемдей убакыт өткөндө атылган октун үнү чыгып, тапыр-тупур боло түшкөн. Натыйжада кишенчен кылмышкерлер темир торлуу терезени сындырышып, даяр турган машинага түшүп көздөн кайым болушкан. Үч жолу ок жеген лейтенант Атамбаев ошол жерден каза болгон.
Оперативдүү топтун аракети менен качкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кайрадан кармалып, кармоо учурунда топтун башчысы Зикирбаевге ок жаңылып, ал каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан