Аламүдүн районунда Салык кызматынын кызматкери 1 миң доллар өлчөмүндө пара алып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Р.З. аттуу жеке ишкер кайрылган. Ал Аламүдүн райондук салык кызматынын О.С. аттуу кызматкери салык төлөмдөрүнүн суммасын төмөдөтүү үчүн 1 миң доллар акча каражатын талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттердин алкагында О.С. аттуу салык кызматкери 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.