Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өрттөнүп кеткен базарда талап-тоноочулук фактылары катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Базар-Коргон базарынын батыш тарабындагы кийим-кече сатуучу бөлүгүнөн өрт чыгып, анда 200гө жакын соода түйүнү (товарлары менен кошо) күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, базардын 70 пайызы күйүп кеткен. Өрт чыккандан тарта аталган аймакка милиция кызматкерлери тартылып, аны курчоого алган. Бүгүнкү күнгө чейин талап-тоноочулук боюнча бир да арыз түшкөн эмес. Андай фактылар катталган жок", - деп билдиришти Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан.
Белгилүү болгондой, учурда сатуучуларга келтирилген чыгымдын суммасы жана өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.
Эскерте кетсек, 22-май күнү саат 23:45 чамасында базардын кийим-кече сатуучу бөлүгү күйүп баштаган. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан курчоого алынып, контейнерлердин ээлери менен биргеликте түнкү саат 03:20 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн.