Бишкек шаарында катталган өрт кырсыгында жаш бала жана улгайган аял жабыркады

Бишкек шаарында катталган өрт кырсыгында жаш бала жана улгайган аял жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:10 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "Байтик баатыр көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 72 жаштагы аял күйүк алды" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген кызматкерлер өрттөн эки адам жабыркаганын аныкташкан. Алардын бирин - жаш баланы туугандары ооруканага алып кетишкенин, ал эми улгайган аял түтүнгө ууланып, оң жана сол ийини, сол жак саны күйүк алганы аныкталган. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан