Сокулук районунда уурулукка шектелип 19 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү милицияга арыз менен Асылбаш айылынын А.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал белгисиз жарандар анын дүкөнүнө кирип, жалпы суммасы 32 миң сомду түзгөн азык-түлүктөрдү уурдап кетишкенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Асылбаш айылынын 19 жаштагы О.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.