Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-май күнү саат 10:30 чамасында Көлбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 1981-жылы туулган Илья В. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Эксперттер маркумдун өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган К.А., 1982-жылы туулган К.А. аттуу Чүй облусунун Лебединовка айылынын тургундары жана 1991-жылы туулган Д.П. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.